Редакцияот 27.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2025-жылдын 27-февралы № 26

Баткен шаарында 2025-2027-жылдарга “Имараттарга жана турак жайга мүлк салыгынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  2021-жылдын  20-октябрындагы  №123 Мыйзамынын 34-беренесинин  4-пунктуна, Баткен шаарынын  мэриясынын                               2025-февралындагы  №01-12/774  кызматтык  катына, Баткен  шаардык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 21-февралындагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин                 VIII чакырылышынын кезектеги  IV сессиясы Токтом кылат:

 

  1. Баткен шаарында 2025-2027-жылдарга “Имараттарга жана турак жайга мүлк салыгынын өлчөмү  тиркемеге ылайык бекитилсин  (№1 тиркеме тиркелет)
  2. Шаар аймагында мүлк салыгынын өлчөмү  2025-жылдын 1-мартынан баштап КР Салык Кодексине ылайык жүргүзүлсүн
  3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
  4. Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин  финансы экономика, бюджет, салык, инвестиция жана өнөр жай маселелри боюнча туруктуу комиссияга /Р.Орозбаев/ тапшырылсын

 

Төрага

А.Аширов

Баткеншаардык Кеңешинин   VIII

чакырылышынын кезектеги        

IV сессиясынын № 26 токтомуна

№1 тиркеме

Баткен шаарында 2025-2027-жылдарга “Имараттарга жана турак жайга мүлк салыгынын өлчөмү

 

Кыш, жыгач, курама же монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор, пенобетон, айнек, сэндвич панель

 

5 ж чейин

10сом

5-15 жыл

 7сом

15-30 жыл

 4сом

30-45 жыл

 4сом

45 жылдан ашык

6сом

Чийки чопо (саман, гуваляк, сокмо)

Шлакблок

Полистрио

Курулуш блогу

 

5 жылга чейин

 5сом

5-15 жыл

5сом

 

15-30 жыл

 4сом

30-45 жыл

 4сом

 

45 жылдан ашык

 4 сом

Металл

Кызмат мөөнтүнө карабастан

4сом

Убактылуу жайлар үчүн башка материалдар

Кызмат мөөнөтүнө карабастан

4сом

Орточо БСН

12,66

5,1

 

Эскертүү: Турак жай имараттары үчүн 100 сомдон ашпоого тийиш

Жооптуу катчы: Ж.Алдашова