Редакцияот 30.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин  XXXI чакырылышынын

кезектеги IV сессиясы

 

2024-жылдын 30-декабрындагы № 31/4-1

Чолпон-Ата шаарынын аймагындагы малыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо территориядагы имараттардын,курулмадагы фасадынын тышкы көрүнүшүү жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин     2024-жылдын 20-декабрындагы №388/1 Буйругу жана Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 20-декабрындагы №01-8-2720 Чолпон-Ата шаарынын мэри Д.Сатаровдун сунушунун негизинде, шаардык кеңештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк,укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 23-декабрындагы отурумунун протоколун карап чыгып, талкуулап  Чолпон-Ата шаардык кеңеши,

 

                                                    Токтом кылат:

 

1.  Чолпон-Ата шаарынын аймагындагы малыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо территориядагы имараттардын,курулмадагы фасадынын тышкы көрүнүшүн жалпы жобосу алымча-кошумчасы менен бекитилсин.(тиркелет)

 

2.   Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын  жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк, укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

      Төрага      Э.Молдобеков