Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-январы №18/III
Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана
2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө
(Ысык-Ата районунун Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 30-июлундагы № 39/VII-29 токтомунун редакциясына ылайык)
Каржы-экономика бɵлүмүнүн башчысы А.А. Уметалиевдин маалыматын карап чыгып, талкуулап «Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылга бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга болжолу жɵнүндɵ», Кыргыз Республикасынын Бюджетттик Кодексинин 24,78 жана 102-беренелеринин негизинде жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1.Нурманбет айыл аймагынын 2025-жылга бюджети киреше жана чыгаша бɵлүгүндɵ №1 жана 2-тиркемелерге ылайык 46 535,9 миң сом ɵлчɵмүндɵ бекитилсин, анын ичинде:
- жергиликтүү бюджет – 35 465,0 миң сом;
- тендɵɵчү грант – 5 715,5 миң сом;
- атайын эсеп – 5 355,0 миң сом.
2.Бюджеттин чыгаша бɵлүгү тɵмɵнкү бɵлүмдɵргɵ багытталсын:
Негизги эсеп боюнча:
- 70111 – Мамлекеттик кызмат кɵрсɵтүүлɵр - 5 438,1 миң сом;
- 70629 – Турак жай жана коммуналдык чарба - 14049,9 миң сом;
- 70821 – Китепкана - 889,1 миң сом;
- 70811 – Спорт шаарчасы - 781,5 миң сом;
- 70823 – Айылдык клуб - 8465,5 миң сом;
- 70911 – «Ай-толкун» бала бакчасы - 740,5 миң сом;
- 70911 – «Нур-Балалык» бала бакчасы - 528,8 миң сом;