НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
(Чуй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 30-июлундагы № 38/VII-29, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 55/XI-29 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2025-жылдын 24-январы №19/III
Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылга бош калган акча каражаттарды
колдонуу жөнүндө
Каржы-экономика бɵлүмүнүн башчысы А.А. Уметалиевдин маалыматын карап чыгып, талкуулап «Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылга бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга болжолу жɵнүндɵ», Кыргыз Республикасынын Бюджетттик Кодексинин 24,78 жана 102-беренелеринин негизинде жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Бош калган акча каражаттарды тɵмɵнкү бɵлүмдɵргɵ жана беренеге бɵлүнсɵн
- 70629 берене 2512 – 2 000,0 миң сом «Муниципалдык ишканага субсидия берүүгɵ»;
- 70111 берене 3112 – 184,5 миң сом «Интерактивдүү доска сатып алуу»;
- 70921 берене 3112 – 417,0 миң сом «Интерактивдүү доска сатып алуу»;
- 70911 берене 3112 – 973,0 миң сом «Интерактивдүү доска сатып алуу»;
- 70921 берене 3111 – 939,8 миң сом «М.Койбагаров атындагы мектептин чатырын оңдоого»;
- 71092 – 1100,0 млн. сом «Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн социалдык келишим үчүн»;
- (Чуй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 55/XI-29 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (Чуй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 30-июлундагы № 38/VII-29 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 70111 берене 2111, 2121 – 803,3 миң сом «Айыл ɵкмɵтүнүн аппараттык кызматкерлерине материалдык жактан акчалай сыйлоо».