Редакцияот 27.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

I-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

 

2025-жылдын  27   февралындагы   №   12                          

 

Жер тилкесин трансформациялоого

макулдук берүү жөнүндө

 

        Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Бөрү-Баш айылынын Баканов №46 дарегинде жайгашкан Бөрү-Баш үрөнчүлүк чарбасынын пилорамасын сатып алган, аянты 0.44 га жер тилкесинин өндүрүш багытынан жерди, турак жай куруу үчүн категориясын которуп берүү боюнча кайрылуусун  карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:

      1.Алтын-Арашан айыл аймагынын Бөрү-Баш айылындагы Баканов №46 дарегиндеги Бөрү-Баш үрөнчүлүк чарбасынын пилорамасынын  0.44 га жер тилкесин өндүрүш багытынан, турак жай куруу үчүн  багытына өзгөртүүгө  (трансформациялоого)  макулдук берет.

       2. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин.

    3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.

 

Тѳрага                                                                                                А.Токомбаев