ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2023-жылдын 27-декабры №184
Ош шаары боюнча
административдик-аймактык
реформа жүргүзүү долбооруна
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары М.Исаевдин Ош шаарынын административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча долбоору жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 14-декабрындагы №50 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаары боюнча административдик-аймактык реформа жүргүзүү долбоору жактырылсын.
2.Ош шаарынын административдик-аймактык курамына Ош облусунун Кара-Суу районунун төмөнкү шаарга чектеш айыл аймактарын жана алардын бөлүктөрүн өткөрүп алууга макулдук берилсин:
-Төлөйкөн айыл аймагы толугу менен;
-Кызыл-Кыштак айыл аймагы толугу менен;
-Шарк айыл аймагынын Имам-Ата участкасы;
-Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала, Жим,Жийделик участкалары;
-Папан айыл аймагынын Ак-Буура 1, 2, 3, 4 участкалары;
-Коргон участкасы.
3.Ош шаарынын карамагынан төмөнкү кварталдарды Ош облусунун Кара-Суу районуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
- 222-квартал;
- 223-квартал;
- 224-квартал.
4.Ош шаарынын мэриясы (Б.Жетигенов) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ош шаары боюнча административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча иш алып баруу милдеттендирилсин.
5.Ош шаары боюнча административдик-аймактык реформанын долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунушталсын.
6.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
7.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
С.С.Назылбеков |