Редакцияот 27.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

2023-жылдын 27-декабры №185

Ош шаарындагы мамлекеттик

менчиктеги жолдорду Ош шаарынын

муниципалдык менчигине алууга

макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Бакир уулу Шахназардын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караган Ош шаарынын аймагындагы айрым автоунаа жолдорду муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, аталган туруктуу депутаттык комиссиянын 2023-жылдын 14-декабрындагы №51 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

 

1.Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Ош шаарынын аймагында жайгашкан төмөнкү автоунаа жолдорду Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин:

-И.Раззаков проспектисинин А.Масалиев проспектисинен баштап С.Касымбеков көчөсүнө чейинки аралыктагы 2000 метр автоунаа жолун;

-Н.Исанов көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн баштап Озгур айылына чейинки аралыктагы 4400 метр автоунаа жолун;

-А.Мамыров көчөсүнүн Закиров көчөсүнөн баштап Ош-Ноокат айланма жолуна чейинки аралыктагы 2400 метр автоунаа жолун;

-Г.Айтиев көчөсүнүн Амир-Темир көчөсүнөн баштап “Барсбек каган” айланма жолуна чейинки аралыктагы 2300 метр автоунаа жолун;

-Ленин көчөсүнүн А.Сүйүмбаев көчөсүнөн баштап Ж.Мамытов көчөсүнө чейинки аралыктагы 2100 метр автоунаа жолун;

-Көкүм бий көчөсүнүн (Ош-Араван жолу) Б.Осмонов көчөсүнөн баштап А.Малабеков көчөсүнө чейинки аралыктагы 4800 метр автоунаа жолун;

-120 метр “Барсбек каган” айланма жолун (Г.Айтиев, Б.Осмонов, Көкүм бий көчөлөрүнүн кесилиши);

-150 метр “Манас” айланма жолун (С.Касымбеков, Юлдашев көчөлөрүнүн кесилиши);

-Курманжан датка, С.Касымбеков, Анжиян тракты, Б.Осмонов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 180 метр узундуктагы айланма жолун;

-А.Мамыров, Б.Осмонов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 150 метр Ош-Ноокат айланма жолун;

-“Барсбек каган” айланма жолунан Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Ишкаван айылына кетүүчү жолдун 50 метр аралыгын.

 

2.Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов):

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунаа жолдорун Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү;

- №1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы К. Исаков көчөсүнүн кароосуз калган бөлүгүн мыйзамда белгиленген тартипте тактоо иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.

 

3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.

 

 

Ош шаардык

Кеңешинин төрагасы

 

С.С.Назылбеков