Редакцияот 27.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

2023-жылдын 27-декабры №186

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык

аймактык башкармалыктарынын жана

Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын

аткарып жаткан иштери жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Кубатбек уулу Азаттын маалыматын угуп, талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 28-ноябрындагы №10 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

 

1.Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Кубатбек уулу Азаттын маалыматы эске алынсын.

 

2. Ош шаарынын мэриясына (Б.Ж.Жетигенов):

- аймактардагы мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүүдө муниципалдык аймактык башкармалыктардын сунушун эске алуу менен түзүлгөн комиссияларга ар дайым алардын кызматкерлерин мүчө катары кошуу;

- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу жана ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктардын айланасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн, кварталдардын короолорун жана башкармалыктарга тиешелүү башка административдик жерлерди тазалоо үчүн штаттык бирдиктерди киргизүү боюнча сунуш берүү;

 

- Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 18-февралындагы № 261 токтому менен бекитилген “Ош шаарындагы кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө” жобону кайра иштеп чыгуу жана тиешелүү өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү менен сессияда бекитүү үчүн сунуштоо тапшырылсын.

 

3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Раимов) жүктөлсүн.

 

 

Ош шаардык

Кеңешинин төрагасы

 

С.С.Назылбеков