Редакцияот 27.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

2023-жылдын 27-декабры №187

Ош шаарына автобустарды Өзбек-Кыргыз

Өнүктүрүү фондунун эсебинен финансылык

лизинг аркылуу сатып алууга жана республикалык

бюджеттен максаттуу трансферт алууга макулдук

берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары С.Джунусбаевдин Ош шаарына автобустарды Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун эсебинен финансылык лизинг аркылуу сатып алууга жана республикалык бюджеттен максаттуу трансферт алуу боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 25-декабрындагы №26 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

 

1.Ош шаарына 100 (жүз) бирдик автобустарды Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун эсебинен 5 (беш) жылдык мөөнөткө, негизги суммасын төлөөдө 6 (алты) айлык жеңилдетүү мөөнөтү менен, 5 пайыздык үстөк менен 8 950 000 (сегиз миллион тогүз жүз элүү миң) АКШ доллар өлчөмүндөгү финансылык лизинг аркылуу насыя жана насыянын 30 пайызын алдын ала төлөө үчүн республикалык бюджеттен максаттуу трансферт алууга макулдук берилсин.

 

2.Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов) Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин түзүүдө ар жылы, аталган насыяны төлөөгө зарыл болгон акча каражатын жана алынган автобустарды жыл сайын камсыздоого керектелүүчү чыгымдарды кароо жагы милдеттендирилсин.

 

3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.

 

 

Ош шаардык

Кеңешинин төрагасы

 

С.С.Назылбеков