ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2023-жылдын 27-декабры №188
“Ак-Ниет конушу”
муниципалдык программасын
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Бакир уулу Шахназардын “Ак-Ниет конушу” муниципалдык программасы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, аталган туруктуу депутаттык комиссиянын 2023-жылдын 22-декабрындагы №54 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.“Ак-Ниет конушу” муниципалдык программасы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2.Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов):
-“Ак-Ниет конушу” муниципалдык программасынын курулушун ишке ашырууда инженердик-коммуналдык тармактарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо;
-турак-жайдын аянтынын наркын чектөө максатында жер тилкенин наркы муниципалдык менчикке өткөрүлгөн турак-жай эмес аянттын наркынан жогору болбоосун эске алуу милдеттендирилсин.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |