Редакцияот 27.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

2023-жылдын 27-декабры №189

Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын

14-февралындагы “Ош шаарынын 2023-жылга

бюджетин жана 2024-2025-жылдарга

пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө”

№117 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү

жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренеcин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” №117 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Э.Арзиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, аталган туруктуу депутаттык комиссиянын 2023-жылдын 15-декабрындагы №23 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат: 

 

1. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” №117 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун 1-пунктундагы Ош шаарынын 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары “2 509 306,2” (эки миллиард беш жүз тогуз миллион үч жүз алты миң эки жүз) деген цифра “3 224 224,8” (үч миллиард эки жүз жыйырма төрт миллион эки жүз жыйырма төрт миң сегиз жүз) деген цифра менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун 1, 2, 5, 7, 8-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2, 5, 7, 8-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын (тиркемелер тиркелет).

9-тиркеменин:

- 34-пунктундагы “Ош шаарынын Ж.Раимбеков көчөсүнүн №10, №12, №14 жана №2 көп кабаттуу үйлөрүнө балдар ойноочу аянтча курууга” деген сүйлөм “Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсүнүн №195, №197 көп кабаттуу үйлөрүнүн алдына балдар ойноочу аянтча курууга” деп өзгөртүлсүн;

- 38-пунктундагы “Ош шаарынын Кол өнөрчүлөр көчөсүнө асфальт төшөө жумуштарына” деген сүйлөм “Ак-Тилек кичи районунун №15 көчөсүн асфальттоого” деп өзгөртүлсүн;

- 45-пунктундагы “Ош шаарындагы №14 Алтыбаев атындагы орто мектепке футбол аянтчасын курууга” деген сүйлөм “Ош шаарынын Т.Кулатов кичи районунун №13, №14 көп кабаттуу үйлөрүнүн алдына балдар ойноочу аянтча курууга” деп өзгөртүлсүн.

 

2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги тиркемелер кагаз түрүндө

 

 

Ош шаардык

Кеңешинин төрагасы

 

С.С.Назылбеков