Редакцияот 03.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

 

2023-жылдын 3-августу  №8

Кыргыз Республикасынын Жергиликтуу жамааттарынын типтүү уставын 2022-жылдын 12- декабрындагы №279-6 буйругу менен иштелип чыккан “Жергиликтүү жамааттарынын  уставын” бекитип беруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин келген каттын жана Таш-булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовдун 2023-жылдын 10-июлундагы №01-18/769 сандуу кайрылууларын жетекчиликке алып, Таш-Булак айылдык кеңешинин 03.08.2023-жылдагы кезектеги XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусу эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы бекитилсин.

3. Токтомдунөз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы айылөкмөт башчысына тапшырылсын.

4.Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин

Төрайымы:

 

М.С.Алтыбаева   

Сузак  районунун   Таш-Булак айылдык  аймактын

жергиликтүү жамаатынын

 

УСТАВЫ

 

     I.                Жалпы жоболор

    II.                Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер

  III.                Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары

  IV.                Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу

   V.                Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери

  VI.                Корутунду жоболор

 

I. Жалпы жоболор

 

1.     Жалпы жоболор

1.Таш-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы -жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу,жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги  маселелерди жана  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары  менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу  ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири-бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартирбин кароочу акт болуп саналат.

1.2. Ушул Устав   Таш-Булак айыл аймагында  колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле  жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.

 

2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

 

Ушул Уставда  төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

жергиликтүү маанидеги маселелер–жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн  түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын  калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;

өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар –мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;

элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча демилгелүү топ – ушул Уставга ылайык элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде  түзүлгөн,  11 адамдан кем эмес курамдагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;

айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн  чечүү боюнча демилгелүү топ – айыл аймагында жашаган 9 дан ашык  жарандардын жалпы кызыкчылыктардан улам айылдын муктаждыгын (жергиликтүү маанидеги маселелерди) чогуу иликтеп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча түзүлгөн ыктыярдуу бирикме;

айылдык чогулушту жана курултайдыөткөрүү боюнча демилгечи топ – Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык айылдын чогулушун же курултайды өткөрүүнү демилгелеген, курамы 11 адамдан аз эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;

жергиликтүү жамааттын курултайы – жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо максатында айыл аймагынын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;

жергиликтүү жамаат – жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү айылдык аймактын (шаардын) аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;

муниципалдык менчик –жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн  зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;

жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси –жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана  жергиликтүү кеңештин  кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;

жарандардын чогулушу – бир көчөнүн, кварталдын же айылдын аймагында жашаган жарандардын жыйынында маселелерди талкуулоо жолу менен аларды чечүүгө, алар боюнча  сунуштарды жана чечимдерди кабыл алууга жергиликтүү жамааттын түздөн-түз катышуу формасы;

коомдук угуулар –жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу мененчечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;

айылдын муктаждыгын чогуу иликтөө –  маалыматтарды биргелешип  жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу.