Редакцияот 22.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 22-февралы № 2

Бириккен Жайылма айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

 

              “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып, 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

          1. Бириккен Жайылма айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 22 - февралындагы № 2 протокол бекитилсин.  2. Бириккен Жайылма айыл аймагынын Жайылма айылдык кеңешинин Галина Николаевна Самойленко шайланган төрагасынын орун басары деп таанылсын.  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Жайылма айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.М. Жонгучкаев