Редакцияот 27.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

2023-жылдын 27-декабры №192

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу

депутаттык комиссияларынын курамдарына

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 36-беренесинин 2-жана 5-пункттарына, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү жөнүндөгү 2023-жылдын 21-ноябрындагы №107 токтомуна ылайык, Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 8.3. жана 8.10. пункттарынын негизинде, ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын сунушун эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясынын мүчөсү Атабаев Мирлан Даниярович чыгарылып, анын ордуна депутаттык мандат алган, ушул эле фракциянын мүчөсү Токтоназар уулу Чыңгыз киргизилсин.

 

2. “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Сайфуллаев Жохонгир Хурсанович транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан чыгарылып, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамына киргизилсин.

Ушул эле депутаттык фракциянын мүчөсү Мырзабеков Медербек Мамасабирович архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан чыгарылып, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамына киргизилсин.

 

3. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

С.С.Назылбеков