Редакцияот 17.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кеңешинин XX чакырылышы II кезектүү сессиясы

 

2025-жылдын 17-февралы № 2/2

 

                      Казыбек Кара-Коюн муниципалдык ишканасы  жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Казыбек-Кара-Коюн муниципалдык ишканасынын жетекчисинин 2024-жылдагы аткарылган иштери тууралуу маалыматы канааттандырарлык эмес деп табылсын.

Жалпы добуш: 18

2. Казыбек-Кара-Коюн муниципалдык ишканасынын жетекчисинин 2024-жылдагы аткарылган иштери тууралуу  кийинки сессияга толук маалыматы менен келсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.

4.Ушул токтомду  каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Э. Султаналиев