Редакцияот 27.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Ош шаардык Кеңешинин

2023-жылдын 27-декабрындагы

№ 193 токтомуна тиркеме

 

Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылга иш планы

 

 №

Иш - чаралар

Аткаруу

мөөнөтү

Аткаруучулар

 

Шаардык Кеңештин сессияларында карала турган маселелер

1.

Ош шаарынын 2024-жылга бюджетин жана 2025-2026-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө

1-квартал

Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

2.

Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын, Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын ошондой эле Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Ош шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышын камсыздоо боюнча аткарган иштери жөнүндө

1-квартал

Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

3.

Ош шаарынын мэринин 2023-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету

1-квартал

Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

4.

Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-ноябрындагы №172 “Ош шаарыныны мэриясынын муниципалдык ишканаларынын эскилиги жеткен, жараксыз болуп калган автоунааларын эсептен чыгаруу жөнүндө” токтомунун аткарылышы жөнүндө

1-квартал

Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

5.

Ош облусу боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун аткарып жаткан иштери жөнүндө

1-квартал

Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

6.

Ош шаарында муниципалдык менчиктеги мүлктү пайдалануу жана тескөө тартибин, муниципалдык менчиктеги мүлктү менчиктештирүү жобосун жана программасын, муниципалдык менчикти камсыздандыруу тартибин, муниципалдык менчиктеги жерлерди сарамжалдуу пайдалануу программасын иштеп чыгуу боюнча Ош шаарынын мэриясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө

1-квартал

Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

7.

Ош шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө

1- квартал

Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

8.

Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы, Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы, ошондой эле муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышын камсыздоо боюнча аткарган иштери жөнүндө

2-квартал

Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

9.

Ош шаарында автотыгындарды азайтуу боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө

2-квартал

Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

10.

Ош шаарынын мэриясынын “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын шаар аймагында жолдорду жана тротуарларды куруу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө

2-квартал

Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

11.

Ош шаардык ветеринардык башкармалыктын аткарып жаткан иштери жөнүндө

2-квартал

Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

12.

“Шаардагы ээлери аныкталбаган жана баланста турбаган керектөөчүлөрдүн электр көмөк чордондорун “Ош” жана “Сулайман Тоо” райондук электр тармактары ишканаларынын балансына өткөрүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө” Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-ноябрындагы №173 токтомунун аткарылышы жөнүндө

2-квартал

Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

13.

Ош шаарындагы муниципалдык жана жеке базарлардагы ишкерлерге түзүлгөн шарттар боюнча Ош шаарынын мэриясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө

2-квартал

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

14.

Ош шаарынын мэринин 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету

3-квартал

Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

15.

Ош шаарындагы муниципалдык мекеме-ишканалардын жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын максатуу пайдаланып жаткандыы жөнүндө

3-квартал

Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

16.

Ош шаарынын мэриясынын түзүмүндөгү мекеме-ишканалардын Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамынын, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамынын жана “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө

3-квартал

Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

17.

Ош шаарынын муниципалдык менчик объектилеринин реестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө

3-квартал

Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

18.

Ош шаарындагы мектептердин окуу-тарбия иштеринин сапатын жакшыртуу боюнча Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө

3-квартал

Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

19.

Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2024-2025-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө

3-квартал

Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

20.

Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылда кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө

4-квартал

Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

21.

Ош шаарында маданият жана спорт тармактарын өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө

4-квартал

Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

22.

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктары жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы аткарган иштери жөнүндө

4-квартал

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

23.

Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жана “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын титулдук баракчаларына бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө

4-квартал

Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия

Практикалык иш чаралар

1.

Ош шаардык Кеңешинин сессияларында жана туруктуу депутаттык комиссияларынын отурумдарында карала турган маселелерди сапаттуу жана өз убагында даярдоо

Иш пландар боюнча

Туруктуу депутаттык комиссиялар

Шаардык Кеңештин аппараты

2.

Шаардык Кеңештин сессияларында кабыл алынган токтомдорду шаардык Кеңештин сайтына жайгаштыруу

Ар бир сессиядан кийин

Шаардык Кеңештин аппараты

3.

Шаардык Кеңештин токтомдорунун, туруктуу депутаттык комиссиялардын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө

Аткаруу мөөнөттөрү

боюнча

Туруктуу депутаттык комиссиялар

Шаардык Кеңештин аппараты

4.

Башкаруу органдары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар уюштурган семинарларга жана тегерек столдорго активдүү катышуу

Чакыруу боюнча

Депутаттык фракциялар,

Туруктуу депутаттык комиссиялар

Шаардык Кеңештин аппараты

5.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча республикадагы шаардык кеңештер менен тажрыйба алмашуу

Жыл ичинде

Депутаттык фракциялар, Туруктуу депутаттык комиссиялар,

Шаардык Кеңештин аппараты

6.

Шаардын бюджети жана шаар үчүн маанилүү деп эсептелген көйгөйлүү маселелер боюнча коомдук угууларды уюштуруу

Зарылдыгына

жараша

Туруктуу депутаттык комиссиялар,

Шаардык Кеңештин аппараты

7.

Шайлоочулар менен жолугушуу, шайлоочулардын алдында аткарылган иштер боюнча отчет берүү, шайлоочулардын сунуш-талаптарын жалпылап, шаардык мэрияга аткарууга тапшыруу

Жыл ичинде

Депутаттык фракциялар

8.

Шаардык Кеңештин сессияларын, туруктуу депутаттык комиссиялардын отурумдарын жана башка иш чараларды шаардык Кеңештин сайтына жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгаруу

Ар бир иш чарадан кийин

Шаардык Кеңештин аппараты

9.

Сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды жалпылоо, аларды аткаруу үчүн шаардык мэрияга жөнөтүү жана алардын аткарылышы боюнча маалыматтарды депутаттарга маалымдоо

Ар бир сессиядан кийин

Шаардык Кеңештин аппараты

10.

Шаарда өткөрүлүүчү коомдук, маданий жана спорттук иш чараларга активдүү катышуу

Ар дайым

Шаардык Кеңештин депутаттары

Шаардык Кеңештин аппараты

11.

Шаардык Кеңешке келип түшкөн кайрылууларды, каттарды жана арыздарды өз убагында кароо жана жыйынтыгын ээлерине билдирүү

Мыйзам чегинде

Туруктуу депутаттык комиссиялар

Шаардык Кеңештин аппараты