Редакцияот 11.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын

кезектеги 7- отурумунун сессиясы

 

2024-жылдын 11-январы № 7-1

 Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2024-жылга карата түзүлгөн болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө

Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин төрагасы М. Ташиев 2024-жылга карата берген бюджет тууралуу билдирүүсүнө негиз,айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап Н. Исанов атындагы айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2024-жылга бюджетинин киреше жана чыгашалары 1,0 (бир миллион) сом өлчөмүндө бекитилсин.
  1. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 1,0 (бир миллион) сомунун 3/1 бөлүгү 334,0 (үч жүз отуз төрт миң) сом айыл өкмөтүнө калтырылсын.
  1. ЖПБнын мал башына бекитилген баалар мурунку баа менен калтырылсын. 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы депутаттардын Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комисиясына жүктөлсүн.

Төрага

Н. Жолдошов