Редакцияот 17.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кеңешинин XX чакырылышы II кезектүү сессиясы

 

2025-жылдын 17-февралы № 2/4

 

          Жаңы-Күч айылында кичи футбол аянтча жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жаңы-Күч айыл башчысы А.Мусаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:

             ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов мектебинин аймагындагы бош тилкесине кичи футболдук аянтча курууга макулдук берилсин.

2.Аянтчага тиешелүү документтерин даярдоо жагы айыл башчы А.Мусаевге милдеттендирилсин.

Жалпы добуш: 18 ,   макул  -16, калыс-2

3.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.

4.Ушул токтомду  каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Э. Султаналиев