Редакцияот 17.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кеңешинин XX чакырылышы II кезектүү сессиясы

 

2025-жылдын 17-февралы № 2/5

 

      Жаңы-Күч айылында социалдык обьекти  куруу жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жаңы-Күч айыл башчысы А.Мусаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:

  ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Күч айылынын Шайылда уулу Мамбетакун көчөсүндөгү №43 дарегиндеги айыл өкмөткө тиешелүү идентификациялык коду 4020510020135 ге жайгашкан  5282,58 чарчы метр болгон жер аянтка  социалдык обьектилерди (бала бакча) курууга уруксат берилсин.

2.Тиешелүү документтерин даярдоо жагы Жаңы-Күч айылынын айыл башчысы А.Мусаевге милдеттендирилсин.

Жалпы добуш: 18 ,   макул  18

3.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.

4.Ушул токтомду  каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Э. Султаналиев