Редакцияот 21.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кеңешинин XX чакырылышы III кезектүү сессиясы

 

2025-жылдын 21-февралы № 3/4

 

Кызыл-Туу айылындагы Кыргызтелекомдун имараты жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Казыбек  айылдык Кеңеш  токтом кылат:

1.Кызыл-Туу айылынын И.Обукеев №40/2 көчөсүндөгү 4020410010463 идентификациялык кодунда жайгашкан «Кыргызтелеком» Ачык Акционердик Коомуна тиешелүү болгон имаратты Кызыл-Туу айылдык маданият үйүнүн ичинен 34,94 чарчы метр жер аянтына алмашууга макулдук берилсин.

 

2. Кыргызтелеком» Ачык Акционердик Коомуна тиешелүү болгон имарат авариялык абалда болгондуктан,анын ордуна Кызыл-Туу Үй-Бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын курууга уруксат берилсин.

 

3.Бул токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы  Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.

 

4.Ушул токтомду  каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

Э. Султаналиев