Редакцияот 23.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 13-сессиясы

 

 

2022-жылдын 23-сентябрындагы № 15

 

Момбеков СПАнын 2022-жылга карата эгин сууга болгон тарифин бекитүү жөнүндө

Момбеков СПАнын 2022-жылга карата эгин сууга болгон тарифин бекитүү жөнүндөгү Э Молдобаевдин билдирүүсүн угуп жана талкууулап Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 13-сессиясы токтом кылат:

 

 

1. Момбеков СПАнын жетекчиси Э Молдобаевдин маалыматы эске алынсын.

 

2. Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жалпы жыйналыгшынын 11-июль 2022-жылдагы № 2 токтомунун негизинде эгин сууга болгон тариф 1000 сом өлчөмүнө чейин көтөрүлүп бекитилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агарардык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин

төрагасы

 

И Абдыразак уулу