КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кең-Талаа айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 21-январы № 6
Кең-Талаа айыл өкмөтүндө 2024-жылдын жыйынтыгы, айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын социалдык- экономикалык өнүгүүсүн негизги көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы жана 2025-жылга божомолу жөнүндө.
Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Ш.Джумабаевдин Кең-Талаа айыл өкмөтүндө 2024-жылдын жыйынтыгы, айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы жана 2025-жылга божомолу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Кең-Талаа айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кең-Талаа айыл өкмөтүндө 2024-жылдын жыйынтыгы жана айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы канаатандырарлык деп белгиленсин.
- Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн социалдык өнүгүүсү, айылдарда инфраструктуранын жакшырышы боюнча туруктуу өнүгүү программасында кабыл алынган объекттердин бүткөрүлүүсү, алардын ар биринин план боюнча аткарылышын жакшы экендиги белгиленсин.
- Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык өнүгүү программасын аткаруу үчүн талапты күчөтүү, орун алган кемчиликти тез арада жоюу, ички жана тышкы резервдерден толук пайдалануу, бардык чарба жүргүзүүчү субьекттерге тапшырылсын.
- Кең-Талаа айыл өкмөтүндө 2025 – жылда социалдык – экономикалык өнүгүү программасынын көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү маалыматтарды райондук статистика комитетине квартал сайын отчеттук айдын акыркы күнгө чейин билдирип туруу атайын адиске тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Талаа айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Жумабайев |