Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

ХХVIII- чакырыгынын ирээттеги XXVII сессиясы

 

2024-жылдын 29-январындагы  № 139-1

Москва району Петровка, Кызыл-Туу  жана Заводское айылдарынын 2047-жылдын аралыгына чейинки Башкы долбоорлорун бекитүү жөнүндө

 

 Москва районунун Петровка, Кызыл-Туу айылдарынын жана Заводское айылдарынын 2047-жылдын аралыгына чейинки Башкы  долбоорун бекитүү жөнүндө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы            Ж.А. Байсулдаевдин маалыматын угуп, талкуулап

Петровка айылдык кенеши:

 

ТОКТОМ  ЧЫГАРАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы Петровка, Кызыл-Туу жана Заводское айылдарынын 2047-жылдын аралыгына чейинки Башкы  долбоору бекитилсин.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынан катталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Абылдаев