Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 25-декабрындаг       №29-2/17

 

Социалдык ʏй куруу ʏчʏн мурда берилген жер тилкесин алмаштырууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ

Каракол шаарынын  муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысынын м.а.2024-жылдын 24-декабрындагы   чыг:№01-11/2007 катын карап жана талкуулап, жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун маалыматын угуп, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын II сессиясы

                                                             токтом кылат:

  1. Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын “Кашка-Суу” кичирайонунда жайгашкан, жалпы аянты 0, 86 га жер тилкесин, Каракол шаарынын “Кашка-Суу” кичирайону №13а дарегиндеги, аянты 4800,0 м2 тʏзгѳн жер тилкени идентификациялык коду 2-01-02-0060-0675 жана Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык, “Кашка-Суу” кичирайону менен тѳрѳт ʏйʏ тарапта жайгашкан, аянты 3800,0 м2 тʏзгѳн жер тилкени тʏзѳтʏʏ иштеринен кийин, кѳп кабаттуу, кѳп батирлʏʏ турак-жайларды куруу ʏчʏн алмаштырууга макулдук берилсин.
  1. Каракол шаарынын мэриясы аукциондун жеңʏʏчʏсʏ менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык сатып алуу жана сатуу келишимин тʏзсʏн.
  1. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  1. Токтом ММКларга  жарыялансын.
  1. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.

 

 

 Тѳрага                                                                                  А.А.Сапарбеков