Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 25-декабрындагы №29-2/18                             

 

Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ

Каракол шаарынын  биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2024-жылдын 25-декабрындагы чыг:№01-17/881 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXIX  чакырылышынын II сессиясы

                                                             токтом кылат:

  1. Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын Гебзе №117 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 0,5 ганы тʏзгѳн жер тилкесин, анын ичинен 0,15 га футбол аянтчасы менен кʏрѳш залын куруу, 0,35 гектарына кѳп кабаттуу турак-жай куруу ʏчʏн,  инвестициялык долбоорду ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык, бѳлʏп берʏʏгѳ макулдук берилсин.
  1. Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык, Каракол шаарынын мэриясы инвесторлор менен инвестициялык келишим тʏзсʏн.
  1. Каракол шаарынын мэриясы, кʏрѳш залынын курулушу аяктагандан кийин, Каракол шаарынын муниципалдык  менчигине ѳткѳрʏп алсын.
  1. Каракол шаарынын мэриясы, инвестициялык келишимге ылайык, кѳп кабаттуу ʏйдʏн курулушу аяктагандан кийин, турак аянтчаларды муниципалдык менчикке кабыл алсын.
  1. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  1. Токтом ММКларга  жарыялансын.
  1. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ Каракол шаарынын мэрине жʏктѳлсʏн.

 

     Тѳрага                                                                                      А.А.Сапарбеков