КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кең-Талаа айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 21-январы № 11
Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн “Достук ” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүүгө жана түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Баткен облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну жана таштанды чыгарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке аышруу боюнча Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Достук” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жана түзүү боюнча Кең-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн алдындагы “Достук” муниципалдык ишканасын түзүү
жөнүндөгү сунушу айлдык кеңештин депутаттары тарабынан жактырылып,
макулдук берилсин.
2 Муниципалдык ишкананы түзүү, уставын бекитип мамлекеттик каттоодон
өткөрүү жагы, токтомдун аткарылышын камсыздоо Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалган ишкананын жетекчиси И.Тиллабаевге тапшырылсын.
1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы-экономика жана пландоо бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана өзүмө калтырамын.
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Жумабайев |
Кең-Талаа айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-январындагы №11 токтомуна тиркеме
«ДОСТУК» муниципалдык ишканасынын Уставы
1. Жалпы жоболор
2. Ишкананын максаттары жана милдеттери
3. Ишкананын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
4. Ишкананын менчиги жана финансылык каражаттары
5 . Ишкананы башкаруу
6. Коомдун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
7. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
§ 1. Жалпы жоболор
1. Бул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана "Достук " муниципалдык ишканасынын (мындан ары – «Ишкана») ишмердүүлүгүн жөнгө салат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Уставга таянат.
3. Ишкананын уюштуруучусу болуп: Кең-Талаа айыл өкмөтү (мындан ары – «Кең-Талаа А/Ө») саналат. Ишкана түздөн-түз Кең-Талаа айыл өкмөтүнө баш ийет.
4. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Достук " муниципалдык ишканасы;
- расмий тилде: муниципальное предприятие «Достук».
Компаниянын кыскартылган аталышы:
- "Достук" МИ;
- МП "Достук".
5. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен областы, Лейлек району, Кең-Талаа айыл аймагы, Бешкент көчөсү № 63
6. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген, ишкананын (коммерциялык уюмдун) уюштуруу-укуктук формасында иш алып барган өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект, юридикалык жак болуп саналат.
7. Ишкана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын укуктарына ээ болот.
8. Ишкана Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте учурдагы эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана башка буюмдарга ээ.
10. Ушул Уставда жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
11. Ушул Уставдын мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери колдонулат.
12. Ишкана өзүнүн ишмердүүлүгүнүн белгиленген максаттарына жетүү үчүн өз атынан бүтүмдөрдү түзүүгө, келишимдерди түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
§ 2. Ишкананын максаттары жана милдеттери