Редакцияот 21.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Талаа айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

 

2025-жылдын 21-январы № 12

 “Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11-беренесине

ылайык,  Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Арка жайыт

участкасындагы №1037 контурдук каттоосундагы 198,3 га,

асылдуулугу төмөн жайыт жеринен 100 га жайыт

жерин   тачылатып суугаруу жолу менен  бак дарак кылууга жана

Кең-Талаа айыл аймагына караштуу арыктар, каналдарды Лейлек

Суу чарба башкармалыгына   өткөрүп берүү жөнүндө

                              

   Кең-Талаа  айыл аймагына караштуу Арка жайыт участкасындагы №1037 контурдук

каттоосундагы 198,3 га, асылдуулугу төмөн жайыт жеринен 100 га жайыт жерин   тачылатып суугаруу жолу менен  бак дарак кылууга жана Кең-Талаа айыл аймагына караштуу  арыктар, каналдарды Лейлек Суу чарба башкармалыгына   өткөрүп берүү   жөнүндөгү Кең-Талаа  айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12-февралындагы №12 сандуу чыгыш катын угуп жана талкуулап Кең-Талаа айылдык кеңеши

 

                                                      Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

  1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11-беренесине ылайык кең-Талаа айыл аймагына караштуу Арка жайыт участкасындагы  №1037 контурдук каттоосундагы 198,3 асылдуулугу төмөн жайыт жеринен 100 га жерди тамчылатып суугаруу жолу менен  бак дарак кылуу үчүн  Лейлек Суу чарба башкармалыгына 20-жылга колдонууга    макулдук берилсин.
  2.  Кең-Талаа айыл аймагынын төмөнкү  айылдарындагы:                              

-       “Кайрагач”  насостук станциясы  трубалары менен;

-        “Шоро” насостук станциясы  трубалары менен;

-        Мурас айылынан узундугу 6252,0 м

  Арка участкасындагы лоток  каналдарды жана Дашрабат участкасындагы 22712,5 м ички лотокторду  мамлекеттин менчигине алып, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба башкармалыгын карамагына  өткөрүп берилсин

  1. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн турак жай жана жер боюнча башкы адиси Т.Акимовго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаттары , коомдук уюмдар  жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Б.Жумабайев