Редакцияот 16.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

ХХVIII- чакырыгынын ирээттеги XXIX сессиясы

 

2024-жылдын 16-февралындагы  № 141-2

Жер казынасын пайдалануу укугуна макулдук берүү жөнүндө

 

“Бултуке” өзөнүндөгү чопо сланец кендерин иштетүү үчүн Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А.Байсулдаевдин маалыматын угуп жана талкуулап

Петровка айылдык  кенеши:

 

ТОКТОМ  ЧЫГАРАТ:

1. Петровка  айыл аймагынын “Бултуке” өзөнүндөгү №171 контурдагы 19,02 га аянтында жайгашкан жер тилкесин жер казынасын өздөштүрүү максатында «Кыргызкенчи» жоопкерчилиги чектелген коомуна 2023-жылдын 28-мартында берилген №7318ТЕ лицензиясында белгиленген мөөнөткө, жер казынасын убактылуу пайдалануу укугуна макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысына Ж.А. Байсульдаевге милдеттендирилсин.

Төрага

У.Абылдаев