Редакцияот 14.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Талаа айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

 

2025-жылдын 14-февралы № 13

Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-пунктунда көрсөтүлгөн маселелерди аткарууга алуу жөнүндө

 «Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-пунктуна кирген маселелерди ишке ашыруу, КРнын Салык Кодексинин 379-380-беренелерине ылайык турак-жай имараттарына эсептелинүүчү салык ставкаларын бекитүү боюнча маселени карап жана талкуулап, Кең-Талаа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  «Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-пунктуна кирген маселелерди ишке ашыруу, КРнын Салык Кодексинин 379-380-беренелерине ылайык турак-жай имараттарына эсептелинүүчү салык ставкаларынын коеффициенти, Кең-Талаа  айыл  аймагындагы турак жай имараттарына жана жайларга салыктын 1 чарчы метрге  10 сом деп бекитилип берилсин.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кең-Талаа  айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Б.Жумабайев