Редакцияот 15.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы

 

2023-жылдын 15-февралындагы № 91

 

М.Абдылдаев айылдык кенешинин 8 чакырылышынын 8-сессиясынын № 41-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

8-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы М.Жуманазаровдун кайрылуусун угуп, талкуулап айылдык кенеши токтом кылат:

 

1. М.Абдылдаев айылдык кенешинин 8 чакырылышынын 8-сессиясынын №49-токтомунун 2 пунктуна төмондөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.

Сыртан келген малдын жайыт акы 2023-жылга төмөндөгүдөй тарифтик баада белгиленсин.

2. Жылкы жана бодо малдар үчүн жашына карабастан жайытка кирген күндон баштап 400сомдон жайыт акы төлөнсүн.

Бир баш жандык малга жашына карабастан 60сомдон жайыт акы төлөнсүн.

 

3.Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Т.Тургунбаевке милдеттендирилсин.

 

4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.

 

6. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

 

Төрайым:

 

Р.Токтоназарова