Редакцияот 13.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезектеги сегизинчи сессиясынын

 

2025-жыл 13-февралындагы №8-2

 

“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн

ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 2015-жылдын 4-февралындагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган айылдык кеңештин укук, мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

 

1.    Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө жана руханий жактан өнүгүшүнө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:

·         Жороев Талантбек Турдумаматович;

·         Осмонов Куванычбек Ахматкулович;

·         Муратова Ырыскан Калмаматовна;

·         Жолболдуев Шамил;

·         Мырзабаев Макаш Бедиярович.

2.    Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

А. Алимов