М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы
2023-жылдын 15-февралындагы № 88
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылга кабыл алган бюджетинин 12 айда аткарылышы боюнча маалыматы жана 2023-жылга кабыл алган бюджетин бекитүү жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы Чолпон-Ата айыл аймагынын айыл өкмөтүнун 2023-жылга жергиликтү бюджетин кабыл алуу жөнүндө төмөндөгү акча каражатын сессияда бекитүү үчүн Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчы А.Жолдошбекованын билдирүүсүн угуп,талкуулап айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнун ФЭБ башчы А.Жолдошбекованын 2022-жылда аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Чолпон-Ата айыл өмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошбекованын билдирүүсү эске алынсын.
3. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана топтоонун көлөмү 2023-жылга атайын каражатты кошкондо 7630.0 жана айыл чарбасына багыталган жер салыгы 510,0, теңдөөчү грант 11278.0 жалпы 19418,0 сом өлчөмүндө бекитилсин. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелерди салык жана салык эмес төлөмдөрүн белгиленген пландарын ар бир түрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна жана жайыт комитетине милдеттендирилсин.
4. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 19418,0 сом өлчөмүндө бекитилсин. Кыргыз Республикасы тарабынан корголгон беренелерине жумшаалары белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын бюджет Кодексинин 24-беренесинин негизинде, жалпы бюджетинин киреше көлөмүнүн 2 пайызга чейинки же болбосо 200,0 миң сом өлчөмү Чолпон-Ата айыл өкмөтунүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
6. М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрайымынын жана мезгилдик убакыттагы отказанчынын айлык акылары КР нын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттен төлөнүүсү белгиленсин.
7. Жогорудагы бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошбековага милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Т.Тургунбаевке милдеттендирилсин.
9. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
10. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
11. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым: |
| Р.Токтоназарова |