М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
18-сессиясы
2023-жылдын 03-февралындагы № 82
Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ №284”Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” ПЖ №284 Жарлыгынын негизинде Чолпон-Ата айыл аймагынан шайланган Биринчи Элдик курултайдын делегаты Алыбекова Салиманын Токтогул районунун аймагына курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына шаарына жайгаштыруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап
М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы токтом кылат;
1. Токтогул районунун аймагына курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу жагын Кыргыз Республикасынын президенти С.Н.Жапаровго сунуш кылынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
5. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым: |
| Р.Токтоназарова |