Редакцияот 21.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Депутаттарды VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

2025-жылдын 21-январы № 3/13

 

Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жыл үчүн муниципалдык кызматкерлеринин, контракт менен иштеген кызматкерлердин типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө

 

        Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жыл үчүн муниципалдык кызматкерлеринин, контракт менен иштеген кызматкерлердинтиптүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Р. Калмамбетованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:

 

            1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жыл үчүн муниципалдык кызматкерлеринин, контракт менен иштеген кызматкерлердинтиптүү түзүмү жана штаттык саны  төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

           1 штат - Айыл өкмөтүнүн башчысы

           1 штат - Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы

           1 штат - Бөлүм башчы

           3 штат - Башкы адис          

           2 штат - Жетектөөчү адис          

           1 штат -  Адис

           2 штат - Техникалык тейлөөчү кызматкер

           1 штат -  Кенже тейлөөчү кызматке

Баары: 12 штат

           Контракттык негизде иштеген кызматкерлер – (28,9 миӊ) сом менен;

           2 штат - Айыл башчылар  (Ак-Кыя, Төлөк)                    

           2 штат - Аскердик эсепке алуу столунун инспектору

           1 штат - Таштанды, ичүүчү таза суу жана ирригация маселелери боюнча жетектөөчү  адис

           1 штат - Окуучуларды ташыган автоунаанын айдоочусу – (Ак-Кыя-28,0 миӊ) сом менен;

           0,75 штат - Окуучуларды ташыган автоунаанын айдоочусу – (Төлөк-21,0 миӊ) сом менен;

           0,25 штат - Кароолчу – (7,0 миӊ) сом менен;

            1 штат - Статистикалык маалыматтарды жыйноо, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис (делегир-22,3 миӊ) сом менен.

Жалпысы: 20 штат

1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин штаттык ыраттамасы  711 200 (жети жүз он бир  миң эки жүз ) сом менен бекитилсин.

2. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулуна жана финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Р. Калмамбетовага милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

 

Ч. Бейшеев