Редакцияот 21.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Депутаттарды VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

 

2025-жылдын 21-январы № 3/16

 

Айыл аймагынын айылдарынан таштандыларды

алып чыгуу жыйымынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кодексинин

74-75-беренелерине  жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктунун негизинде Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

                 1. Айыл аймагынын айылдарынан таштандыларды алып чыгуу жыйымы

бир үй чарбага (түтүнгө) 50 (элүү) сом өлчөмүндө өзгөрүүсүз бекитилсин. 

                 2. Сары-Булак айыл аймагынын айылдарынан таштандыларды алып чыгуу жыйымын 1-квартал ичинде чогултуп, төгүү мөөнөтү белгиленсин.

                 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага

 

Ч. Бейшеев