Редакцияот 21.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Депутаттарды VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

 

2025-жылдын 21-январы № 3/18

 

Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө Типтүү жобосун бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 27-декабрындагы №352 буйругу менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө» Типтүү жобону бекитип берүү максатында Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Э. Сулаймановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

           1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө Типтүү жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бекитилген Типтүү жобонун негизинде жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө жобонун ченемдерин ишке ашыруун жагы камсыз кылынсын.  

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика,  инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

Төрага

 

Ч. Бейшеев

 

                                                                                       Сары-Булак айыл аймагынын

                                                                                          айылдык кеңешинин кезектеги

                                                                                   III сессиясынын 21-январь

                                                                                           2025-жылдагы №3/18 токтому                   

                                                          бекитилген

 

Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө

Типтүү жобо

1.     Жалпы жоболор

1.   Ушул Типтүү жобо “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жергиликтүү жамааттын Типтүү уставына ылайык иштелип чыгып, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн укуктук негиздерин жана жалпы типтүү шарттарын аныктайт.

2.   Биргелешкен мониторинг жана баалоо дегенде биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу мониторинг жана баалоо (мындан ары – МжБ) объекттеринин ишинин жыйынтыктарынын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо процессин түшүнүш керек.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – ЖӨБ органдары) биргелешкен мониторингдин жана баалоонун (мындан ары – БМжБ) уюштуруучулары болуп саналат.

БМжБны жергиликтүү кеңештин чечими менен түзүлгөн, жарандарды, алардын бирикмелеринин өкүлдөрүн жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүн камтыган топ жүргүзөт.

БМжБ маалыматтык-телекоммуникациялык системаларды жана технологияларды, анын ичинде социалдык тармактарды пайдалануу менен ачык жүргүзүлөт.

3.   ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү – бул ЖӨБ органдары уюштурган, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине системалуу же убактылуу байкоо жүргүзүү.

ЖӨБ органдарынын ишин баалоо – бул ЖӨБ органдары уюштурган, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишинин жыйынтыктарын туруктуу негизде же бир жолку баалоо.

2.    Биргелешкен мониторинг жана баалоонун максаттары жана