Редакцияот 13.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезектеги сегизинчи сессиясынын

 

2025-жыл 13-февралындагы №8-8

 

Жашасын-2 айылындагы № 111 И.Стамкулов атындагы орто мектебине спорттук зал курууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 24-январындагы № 01-28/98 сандуу кайрылуу катынын негизинде, айылдык кеңештин маданият, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.   Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Жашасын-2 айылындагы № 111 И.Стамкулов атындагы орто мектебине спорттук зал курууга макулдук берилсин.

 

2.   Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

 

3.   Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

Төрага

 

А. Алимов