Редакцияот 14.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

I -чакырылышынын III-кезектеги сессиясы

 

2025-жылдын 14-февралындагы №9

 

Муниципалдык менчиктеги транспортту сатуудан түшкөн  каражатты бөлүштүрүү тууралуу

 

Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигиндеги транспортту сатуудан түшкөн  каражатты “Барскоон-Сервис” муниципалдык ишканасына  Уставдык милдеттерин аткарууга керектүү техникалык каражаттарды сатып алуусуна бөлүү маселесин талкуулап, сунуш-пикирлерди эсепке алуу менен Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат: 

1.      Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигиндеги КАМАЗ үлгүсүндѳгү автоунааны сатуудан түшкѳн 706,8 миң сом акча каражаты “Барскоон-Сервис” муниципалдык ишканасына техникалык каражат сатып алууга бөлүнсүн.

2.      Бѳлүнүп берилген акча каражатын ѳз максатында пайдалануу жагы “Барскоон-Сервис” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Маданбековго тапшырылсын.

3.      Токтом айыл аймактын веб-сайтына жарыялансын.

4.      Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага милдеттендирилсин.

5.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеӊешинин каржы-экономикалык, бюджет жана инвестиция тартуу боюнча  туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.

 Төрага Ажыбеков Ч.А.