Редакцияот 14.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

I -чакырылышынын III-кезектеги сессиясы

 

2025-жылдын 14-февралындагы №10

 

“Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн

эсебиндеги эркин калдык жѳнүндѳ”

 

Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык бѳлүмүнүн башчысы М.Байтерековдун айыл ѳкмѳтүнүн эсебиндеги жыл аягына эркин калдык жѳнүндѳгү билдирүүсүн угуп,  талкуулап эл депутаттарынын Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат: 

 

1. Жергиликтүү бюджетиндеги 2025-жылдын 1-январына эркин калдык 6 617,2 миң сом ѳлчѳмүндѳ жүргүзүлсүн.

 

2. Жергиликтүү бюджеттен 2025-жылдын 1-январына 2307,1 миң сом “Жайыт” жана  4310,1 миң сом “Комуналдык турак жай чарбасында” анын ичинен тѳмѳндѳгүлѳргѳ жумшалсын:

1)    Тамга айылындагы муниципалдык имаратты (музыкалык мектеп) оңдоого – 253,4 миң сом

2)    Тамга айылына мал дарылоочу Күпкө курууга – 1 450,0 миң сом

3)    Тамга айылындагы конференц-залга курулуш иштерине – 1 000,0 миң сом.

4)    Тамга айылына мал дарылоочу Күпкө курууга кошумча 500,0 миң сом чыгымдалсын.

5)    Тамга айылындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып курулган эстеликти оңдоп түзөө жумуштарына – 300,0 миң сом.

6)    Айыл өкмөтүнүн техникаларын сатуудан түшкөн – 791,0 миң сом акча каражаты, «Барскоон Сервис» муниципалдык ишканасына – айыл чарба техника алууга чыгымдалсын.

7)    Башка чыгымдарга – 15,7 миң сом

 

3. Каралган акча каражаттарын бекитип берүү жагы Жети-Ѳгүз райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

 

4. Токтом айыл аймактын веб-сайтына жарыялансын.

 

5. Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага милдеттендирилсин.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеӊешинин каржы-экономикалык, бюджет жана инвестиция тартуу боюнча  туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.

 

Төрага Ажыбеков Ч.А.