Редакцияот 14.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

I -чакырылышынын III-кезектеги сессиясы

 

2025-жылдын 14-февралындагы № 11

 

“Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн

атайын эсебиндеги эркин калдык жѳнүндѳ”

 

Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык бѳлүмүнүн башчысы М.Байтерековдун айыл ѳкмѳтүнүн атайын эсебиндеги жыл аягына эркин калдык жѳнүндѳгү билдирүүсүн угуп, талкуулап эл депутаттарынын Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат: 

 

1. 2025-жылдын 1-январына карата Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн атайын эсебиндеги эркин калдык 453,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ жүргүзүлсүн.

 

2. Атайын эсебиндеги 2025-жылдын 1-январына тѳмѳндѳү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын эсебине жүргүзүлсүн:

- Тамга айылындагы “Байчечекей” МЧББУна  2,1 миң сом;

- Тосор айылындагы “Бугу-Эне” МЧББУна 4,7 миң   сом;

- Барскоон айылындагы “Барскоон” МЧББУна 184,5 миң сом;

- “Т.Орумбаев” атындагы МЧББУна 261,7 миң сом;

 

3. Каралган акча каражаттарын бекитип берүү жагы Жети-Ѳгүз райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

 

4. Токтом айыл аймактын веб-сайтына жарыялансын.

 

5. Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеӊешинин каржы-экономикалык, бюджет жана инвестиция тартуу боюнча  туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.

 

Төрага Ажыбеков Ч.А.