Редакцияот 28.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин депуттарынын чогулушунун XXIX чакырылышынын кезектүү III сессиясы

2025-жылдын 28-январы  № 3/5

 

Жан-Булак айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын  төлөмдөрүн  бекитүү тууралуу

 

         Кыргыз Республикасынын  салыктык эмес кирешелер  жөнүндө кодексинин 75-беренесине ылайык калктуу конуштардын таштандыларын таштап чыгаруу үчүн жыйым төлөмдөрүн  бекитүү максатында  Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIXчакырылышынын III кезектүү  сессиясы токтом кылат;

1.       Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 76-беренесине ылайык Жан-Булак айыл аймагындагы  жеке жана юридикалык жактар-ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери жана ишканаларда, мекемелерде иштеген  ар бир жумушчуларга санын эсепке алуу менен төмөндөгүдөй өлчөмдө  тазалык жыйымы бекитилсин;

     ЖОБ органдарында, жалпы  билим берүү, саламаттыкты сактоо жана  маданият тармагында  эмгектенген кызматкерлерге, Ат-Башы ГЭСинин кызматкерлерине  бир жылга, киши башына  -100 сомдон;

        Айыл аймакта жайгашкан соода түйүндөрүнө, кызмат көрсөтүүчү жайларга(дүкөн, мончо, чач тарач ж.б)  бир жылга, ар бир чарчы метрине-10 сомдон;

 

2.   Бул токтомду  кѳзѳмѳлдѳѳ жагы   Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Боскунчиевге  милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага

С. Акматов