ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин депуттарынын чогулушунун XXIX чакырылышынын кезектүү III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 3/8
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө айылдык кеңешинин төрагасынын 2025-жыл үчүн иш-планын угуп, талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын III кезектүү сессиясы токтом кылат:
1.Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш-планы жана уюштуруу массалык иштери бекитилсин. (№1 тиркемеге ылайык).
2. Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш-планы туруктуу комиссиялардын төрагалары жана айылдык кенештин катчысы тарабынан аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | С. Акматов |
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык
кеңешинин XXVIII чакырылышынын
III кезектүү сессиясынын 2025-жылдын
28-январындагы №3/8 токтомунун
№1 тиркемеси
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш планы
№ | Жан-Булак айылдык кенешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер | Аткаруу мооноту | Жооптуу адам, Аткаруучу орган, мекеменин же уюмдун жетекчиси | Маселе боюнча жоопту, кенештин туруктуу комиссиялары |
1 | Социалдык экономикалык өнүгүү программасынын жана жергиликтүү бюджеттинин аткарылышы тууралуу 2024-жылдын Жан- Булак айыл өкмөтунун башчысынын отчету | 1-квартал | Жан-Булак айыл айыл өкмөтүнүн башчысы | Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссия: |
2 | Айылдык кеңештин 2025- жыл үчүн иш планын бекитүү | 1-квартал | Жан-Булак айылдык кенешинин төрагасы , жооптуу катчы Жанбулак айылдык кенешинин төрагасы, жооптуу катчы | Жан - Булак айылдык кенешинин бардык туруктуу комиссиялары |
3 | Айылдык окмотунун 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү | 1-квартал | Төрага, жооптуу катчы, Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүүжыйымдар боюнча туруктуу комиссия: | Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясы |
4 | Ичүүчү таза суу пайдалануучула рынын тарифтик өлчөмүн карап чыгуу | 1-квартал | Төрага, жооптуу катчы. Таза-суу муниципалдыкиш канасы. Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүүжыйымдар боюнча туруктуу комиссия: | Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясы. |
5 | Жан-Булак айыл аймагына келген грант проект жана башка булактар менен иштешуу | Жыл ичинде | Жанбулак айыл окмот башчысы Кенештин торагасы | Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясы. |
6 | Инвестиция тартуу жана жергиликтуу жамааттагы адамдардын, ишкерлердин салымы | Жыл ичинде | Жанбулак айыл окмот башчысы Кенештин торагасы | Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясы. |
7 | МИ жетекчисинин сунушу менен жайлоого кетүүчү мал жандыктардын салыгынын жана жазгы-кузгу айдап себуу, жыйым-терим тарифтик өлчөмүн бекитүү | 1-квартал | Айыл окмоту, МИ жетекчиси Кенештин торагасы | Баардык комиссиялар |
8 | Жан-Булак айыл аймагындагы ФПСтин жерлерин максаттуу пайдаланууну жана ирригация системасын жакшыртуу экологияны коргоо боюнча иш чаралар | 2-квартал | Айыл окмот башчысы, Кенештин депутаттары | Айыл окмот башчысы, кенештин депутаттары |
9 | Бюджеттин 2025- жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча жарым жылдык планынын аткарылышы жөнүндө маалымат берүү | 3-квартал | Жанбулак айыл окмотунун башчысы Төрага, жооптуу катчы Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссия | Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссия |
10 | Жан-Булак айыл өкмөтүнүн 2026- жылдагы бюджетинин кирешелер, чыгашалар боюнча аткарылышы жана 2026- жылга бюджеттин болжолдуу долбоорун кароо | 4-квартал | Жанбулак айыл окмотунун башчысы Төрага, жооптуу катчы, Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссия | Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссия |
11 | Жанбулак айыл өкмөтүнүн МИ 2025- жылдагы киреше, чыгаша жылдык отчетун угуу | 4-квартал | Муниципалдык ишканалардын жетекчилери Жанбулак айыл окмоту | Бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссия |
12 | Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын жылдык отчетун угуу | 4-квартал | Баардык туруктуу комиссиялар | Баардык туруктуу комиссиялардын торагалары |
13 | Жан-Булак айыл аймагын социалдык – экономикалык жактан өнүгүү боюнча 2024- жыл үчүн программасынын аткарылышы боюнча маалымат | 4-квартал | Айыл өкмөт башчысы Жооптуу катчы Бɵлүм башчы | Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссия: |