Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги 1-сессиясынын отурумунун

 

2024-жылдын 28-ноябры № 4

“Кезектеги III Элдик Курултайга Кулунду айыл аймагы боюнча делегаттарды шайлоону уюштуруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жумушчу топ курамын бекитүү жана графигин белгилөө жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ №271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө Жарлыгына ылайык III Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Улуттук Кеңештин 2023-жылдын 16-декабрындагы №1 чечиминин негизинде түзүлгөн Жобого ылайык Жергиликтүү өкүлчүлүктөрдүн чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү боюнча Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж. Абдираимовдун сунушун угуп, Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1-сессиясы күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. III Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Улуттук Кеңештин 2023-жылдын                               16-декабрындагы №1  чечиминин негизинде түзүлгөн Жобого ылайык Жергиликтүү өкүлчүлүктөрдүн чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү боюнча Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж. Абдираимовдун сунушу жактырылсын.
  2. Жумушчу топтун курамы Кулунду айылдык кеңештин депутаттарынан, коомдук уюмдардан жана Кулунду айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынан куралып, жумушчу топтун төрагасы А. Досов жана катчысы М. Жусупова болуп бекитилсин.
  1. Жер-жерлерде Жергиликтүү өкүлчүлүктөрдүн чогулуштарын өткөрүү графиктери  жана жумушчу топтун мүчөлөрү келтирилген таблицага ылайык бекитилсин.

(Тиркеме тиркелет)

  1. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына жана Кулунду айылдык кеңешинин депутаттарына милдеттендирилсин.
  2. Ушул токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын. 

Төрага:

А.А. Досов

тиркеме №2

Айыл аймактар боюнча берилген квота жана жыйын өткөрүү графиги

№

Айыл аймагынын аталышы

Айылдар боюнча берилген квота

Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу депутаттар

Жыйын өткөрүлүүчү күнү, сааты, жери

Жумушчу топтун курамы  

1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кулунду 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

150

Булак-Башы

9

Джеенбаева Б.

04.12.2024-ж саат 14-00дө, “Булак-Башы” о.м.

Төрага А. А. Досов, катчы  М. Жусупова Айылдык кеңештин депутаты Джеенбаева Б. Айыл башчы С. Аманов, акасакалдар кеңешинин төрагасы, аялдар кеңешинин төрайымы

Ак-Арык

24

Толубаев К.

04.12.2024-ж саат 15-00дө, Маданият үйү

Төрага А. А. Досов, катчы  М. Жусупова К. Толубаев., Д. Жусупалиев,  Айыл башчы Ж. Сейитов, акасакалдар кеңешинин төрагасы, аялдар кеңешинин төрайымы

Раззаков

23

Балтабаева А.

04.12.2024-ж саат 17-00дө, Раззаков а.о.м.

Төрага А. А. Досов, катчы  М. Жусупова Балтабаева А., Абдурайимов Т.,   Айыл башчы Б. Бөрүкулов, акасакалдар кеңешинин төрагасы, аялдар кеңешинин төрайымы

Кулунду 

 

65

Каландаров А.

С. Надырова

 

 

05.12.2024-ж саат 14-00дө, Маданият үйү

Төрага А. А. Досов, катчы  М. Жусупова А. Каландаров, С. Надырова,   Айыл башчы А. Төрөев, акасакалдар кеңешинин төрагасы, аялдар кеңешинин төрайымы,

Интернационал

25

Исаковга Г.

05.12.2024-ж саат 10-00дө, “Кыргызстан 40 жылдыгы” а.о.м.

Төрага А. А. Досов, катчы  М. Жусупова Г. Исакова, Б. Абдуллатип уулу, Айыл башчы А. Конгурбаев, акасакалдар кеңешинин төрагасы, аялдар кеңешинин төрайымы,

Максат

4

Рахмонбердиева Ш.

04.12.2024-ж саат 10-00дө, “Максат” о.м.

Төрага А. А. Досов, катчы  М. Жусупова Рахмонбердиева Ш.  Баймурзаев З., Айыл башчы С. Адинаев, акасакалдар кеңешинин төрагасы, аялдар кеңешинин төрайымы

Кулунду айылдык кеңешинин жооптуу катчысы М. А. Жусупова