Редакцияот 16.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын II чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2025-жылдын 16-январы № 3/3

 

Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга аткарылышын, 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө.

         

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн  башчысы А.Түгөлбековдун  маалыматын угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 43 465 900 сомго жана чыгаша бөлүгү 43 496 500 сомго бекитилсин;

2. 2025-жыл үчүн Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 29 192 000 сомго бекитилсин:

   

            Киреше бөлүгүнө:             Кирешеден – 12 511 400 сом

Анын ичинен:

Жайыт акысы – 809 600 сом

Атайын каражат – 1 400 000 сом

Теңдештирме гранттан- 16 680 600 сом

                                                 Жалпы киреше бөлүгүнө – 29 192 000 сом

 

          Чыгаша бөлүгүнө:             АУПка – 19 243 300 сом

Клубга – 2 010 500 сом

Библиотекага – 816 400 сом

Соц коргоо боюнча – 460 000 сом

Билим берүүгө – 3 384 200 сом

“Кызарт” бала бакчасы – 490 995 сом

“Кызарт Таң Нуру” бала бакчасы – 427 280 сом

“Кызарт Келечеги” бала бакчасы – 524 106 сом

“Акжолтой Апа” бала бакчасы – 679 076 сом

“Балалык уясы” бала бакчасы – 346 543 сом

 Жайыт акы -809 600 миң сом

                                                

                                                 Жалпы чыгаша бөлүгүнө – 26 982 400 сом

 

3.  2026-жылдын киреше-чыгашасы  30 119 800 ми сомго бекитилсин

Киреше – 13 439 200 сом

Теңдештирме грант – 16 680 600  сом

 

4.  2027-жылдын киреше-чыгашасы 31 288 800 сомго бекитилсин

Киреше – 14 608 200 сом

Теңдештирме грант – 16 680 600 сом

 

5.  Биринчи кезекте корголгон беренелер ( эмгек акы, соц. фонд) жана коммуналдык

      чыгымдар каржылансын;

 

6. Бөлүнгөн  каражаттар өзүнүн беренелери менен чыгымдалсын;

 

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын     айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек