Редакцияот 20.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги II-сессиясынын отурумунун

 

2024-жылдын 20-декабры № 8

“Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымдардын суммасын бекитүү жөнүндө”

Кулунду айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы А. Асраловдун жана Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүкбоюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Д. Жусупалиевдин баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин 2-сессиясы күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Түрткү берүүчү грантына сунушталуучу долбоорго Кулунду айыл өкмөтү тарабынан төмөнкү өздүк салымды жергиликтүү бюджетинен каржылоого макулдук берилсин:

Лейлек районунун Өнүктүрүү фондуна;

 “Борттуу жүк ташуучу Isuzu NPR UNIC КМЖ жана Hyundai Porter II маркасындагы      унааларды сатып алуу” долбоору,

- жалпы суммасы 5700000 (беш миллион жети жүз миң) сом,

- фондтун эсебинен 4500000 (төрт миллион беш жүз миң) сом,

- өздүк салым 1200000 (бир миллион эки жүз миң) сом.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына  милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын. 

Төрага:

А.А. Досов