Редакцияот 20.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги II-сессиясынын отурумунун

 

2024-жылдын 20-декабры № 10

“Кулунду айыл аймагындагы жерлерди бир багыттан экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо), жана программасын бекитүү  жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесинин жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси  А. Маликовдун маалыматын, Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги  2-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап, №2-протоколунун чечиминин 4-пунктунун                         а) бөлүмчөсүнүн негизинде 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Кулунду айылдык кеңешинин 30.08.2024-жылдын 30-августундагы  №34/2 токтомуна өзгөртүү киргизип, а) Кулунду айыл аймагынын Кайрагач участкасындагы “Кайрагач” чек ара заставасынын өздүк курамынын жашоо шартын жакшыртуу жана чек ара кайтаруу шартын жакшыртуу максатында  №40-контурда жайгашкан “Кайрагач” чек ара заставасынын  түндүк тарабынан 0,20 га, түштүк тарабынан 0,20 га, жалпысынан 0,40 га жер ажыратып берүү, «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын,  коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин  жана программасын бекитилсин.
  2.  Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына  милдеттендирилсин.
  3.    Ушул токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын. 

Төрага:

А.А. Досов