Редакцияот 20.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги II-сессиясынын отурумунун

 

2024-жылдын 20-декабры № 12

“Кулунду айыл өкмөтүнүн балансындагы каналдар жөнүндө”

Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси  А. Маликовдун маалыматын, Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги                                                      2-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап,                      №2-протоколунун чечиминин 5-пунктунун негизинде 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл өкмөтүнүн балансында турган 3800,0 метр канал, дюкери менен Лейлек райондук Суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына  милдеттендирилсин.

3.  Ушул токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын. 

Төрага:

А.А. Досов