Редакцияот 25.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз III-сессиясынын отурумунун токтому

 

2024-жылдын 25-декабры № 16

 

“Кулунду айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги объекттерди пайдалануу жана ижарага берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Министрлер  Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик  кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 28-июлундагы №189 буйругу менен бекитилген “Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби” жөнүндө типтүү жобонун  15-беренесинин Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезексиз 3-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап, жана 3-сессиянын №3-протоколунун чечиминин 2-пунктунун негизинде 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги лоттор менен белгиленген имараттардын, тооруктун жеке абалына карап ачык конкурс же аукцион аркылуу ижарага берүү чечими кабыл алынсын.
  2. №11 –лот, Кулунду айылынын Кулунду көчөсүндөгү айыл өкмөттун муниципалдык менчигиндеги 1867,0 чарчы метр жердеги мончону кайра оңдоп-түзөп, элге кызмат көрсөтүү максатында убактылуу пайдалануу үчүн, баштапкы баасы айына 2787,0 сом болуп бекитилип, ачык конкурс аркылуу ижарага берилсин.  
  3. Айылдык кеңештин депутаттары комиссия курамына киргизилсин.
  4. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына  милдеттендирилсин.

5.Ушул токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын. 

Төрага:

А.А. Досов