Редакцияот 25.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз III-сессиясынын отурумунун токтому

 

2024-жылдын 25-декабры № 17

“Кулунду айыл аймагынын Максат айылындагы “Максат” чек ара заставасына жер ажыратып, бир багыттан экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо) жана программасын бекитүү  жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесинин жана Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезексиз  3-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап, №3-протоколунун чечиминин 3-пунктунун негизинде 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл аймагынын Максат айылындагы “Максат” чек ара заставасынын өздүк курамынын чек араны бекем кайтарууга, машыгууга шарт түзүү максатында, Максат айылынын түштүк-батыш тарабындагы №23-контурунда жайгашкан 30,0 га жайыт жерин ажыратып берүү, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин жана программасы бекитилсин.
  2.  Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына  милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын. 

Төрага:

А.А. Досов