КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз IV-сессиясынын отурумунун токтому
2025-жылдын 23-январы № 21
“Мал жандыктарга зыян келтирген жырткыч жаныбарларды аткан мергенчилерге сый акы бекитип берүү жөнүндө”
Кулунду айылдык кеңешинин кезексиз 4-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, сессиянын №4 протоколунун чечиминин 5-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кулунду айыл аймагында айылдырдын ичинде чие бөрү, бөрүлөр көбөйүп кеткендигине байланыштуу элдин коопсуздугунун алдын алуу максатында жана мал жандыктарга зыян келтирген жырткыч жаныбарларды аткан мергенчилерге сый акы чие бөрүгө 3000 сом, бөрүгө 5000 сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.А. Досов |